"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысынын билдиргенине караганда, Ташкендеги нааразылык акциясына чогулган 30дай аял Өзбекстандын коопсуздук кызматтарын тергөө абактарында кыйноо ыкмаларын колдонгону үчүн айыпташты. Алар Өзбекстандын Ички иштер министрилигин жанындагы кан жолду тосууга аракеттенишкен. Эл аралык "Хьюман Райтс Уочт" уюмунун Ташкендеги өкүлү Матилда Богнердин айтымында, демонстрант аялдарга каршы аскерлер күч колдонуп, аларды желим таяктар менен сабашкан. Нааразылык акциясына жакындары диний жүйөөдөн улам камалган аялдар чогулган эле.