Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Ирактын кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү суроого курал инспекторлорунун иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы жооп бере алат


Улуттар уюмунун курал инспекторлорунун башчысы Ханс Бликс кечээ Коопсуздук кеңешинде жасаган билдирүүсүндө, Ирактын куралдары жөнүндөгү суроого инспекциянын документтеринен жооп табуу мүмкүн экенин билдирип, инспекторлор тыйуу салынган куралдарды соңку согушка чейин табышпаганын билдирди. Ошону менен катар Бликс Саддам Хуссейндин режими учурунда биологиялык жана химиялык куралдардын бар же жок экенин так текшерип чыгуу татаал болгондугун белгилеп, азыркы жагдайда текшерүү ишине жагыштуу шарттар түзүлгөнүн билдирди.
"Текшерүүчүлөр көптү билген күбөлөрдөн так маалымат ала алышат. Жана андай маалыматты берген жарандар жазадан чочулашпай калышты. Азыр барыбыз көздөгөн маалыматты алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү",- деди Бликс.
Анын аралыгында АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд Вашингтондун Ирактын куралдары жөнүндөгү чалгындоо маалыматтары туура болгондугун жана коалициялык аскерлер биологиялык жана химиялык куралдарды эртедир- кечтир таба тургандыгын билдирди. Бүгүн Катарда жүргөн президент Буш америкалык аскерлерге Саддам Хуссейндин кыруучу куралдарын табуу узакка созула турган иш боло тургандыгын айтты. Иракта кыргын салуучу куралдардын табыла электигине байланыштуу АКШ менен Британиянын өкмөттөрү барган сайын катуу кысмакка алынып келет. Алар Ирактын кыруучу куралдарын жок кылуу өлкөгө каршы согуш ачуунун негизги себеби катары көрсөтүп келишкен.

XS
SM
MD
LG