Сильвио Берлускони Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буштун өтүнүчү боюнча арап лидерлери менен Египетте жолугат. Андан соң Иорданияда Израилдин премьери Ариэл Шарон жана Палестинанын кабинет башчысы Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Берлускони бул сапардын максатын региондогу кырдаалды жөнгө салуу боюнча Вашингтондун демилгесин бекемдөө аракети катары атады. Быйыл биринчи июлдан тартып Евросоюзга төрагалык кылуу милдети Италияга өтөт. Эл аралык “жол картасы” планына Кошмо Штаттары, ООН жана Россиядан тышкары Евросоюз да сүрөөнчү болгон. ООН палестиналыктар үчүн алдыдагы алты айда 103 миллион доллар жардам бөлдү. Аталган суммага азык-түлүк,дары-дармек жана башка зарыл керектүү товарлар сатылып алынат.