Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

Өткөн түнү Тегеранда дагы бир демонстрация болду.


Күбөлөрдүн айтымында, Ирандын полициясы Тегеран университетинин тегерегинде чогулгандарды таратуу максатында асманга ок ачкан, андан кийин алардын ортосунда кагылышуулар орун алган. Ирандын полициясы өкмөткө каршы жаңы демонстрациялар болушунан чочулап, жогорку окуу жайына тийиштүү имараттарды көзөмөлгө алган. Ирандык студенттердин "Исна" кабар агенттиги полицияга андай буйрукту өлкөнүн улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңеши бергенин билдирет. Буга чейин үч түн удаасы менен өткөн демонстрацияларда Ирандагы динчил бийликти алмаштыруу, реформаларды ыкчамдатуу талаптары айтылды. Айрым ашынган демонстранттар Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеини өлтүрүүгө үндөшкөн. Хаменеи өзү бул акциялардын артында АКШ турат деп айыптап, ирандык жаштарды бузукулукка берилбөөгө чакырды. Маалымат агенттиктери мурунку күнү Тегеранда демонстранттар менен полиция кагылыша кетип, бир нече адам жараат алып, дагы ондогон кишилер камакка алынганын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG