КАРАКОЛ. Касымаалы Жантөшев атындагы Ысыккөл музыкалык драма театры республиканын ордо калаасынын 125 жылдыгын майрамдоого арналган эл аралык театр фестивалына белгилүү драматург Бексултан Жакиевдин «Саадак какты» аттуу драмасы менен катышат. Театрдын көркөм жетекчиси, Кыргызстандын эл артисти Токтобек Сатаровдун айтымында, көлдүк театрдын спектакли улут аралык ынтымак, биримдик идеяларын чагылдырат.