Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

ТЕГЕРАНДАГЫ АНТИӨКМӨТТҮК ТОЛКУНДООЛОР БАШКА ШААРЛАРДА КОЛДООГО АЛЫНДЫ


Өткөн шейшемби күнү Тегеран университетинде башталган нааразылык акциясы дале басыла элек. Ал турсун ал Ирандын башка шаарларында да антиөкмөттүк толкундоолордун чыгышына түрткү болду. Жекшемби күнү Исфахан, Шираз, Аваз жана Мешхед шаарларында да миңдеген адамдар менен студенттер демонстрацияга чыгышып, президент Хатаминин өкмөтүн реформаны кечеңдетүүдө деп күнөөлөшүп, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышканын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады. Нааразылык акциясы өкмөттүн айрым университеттерди менчиктештирүү планына байланыштуу башталган эле.

Тегеран университетинин студенттери баштаган антиөкмөттүк толкундоолор өлкөнүн башка шаарларын да козголтту. Борбор шаарда исламчыларды жактаган күчтөрдүн жапырыгына туруштук бербеген студенттер жоошуй баштаган шартта, жекшемби күнү Исфахан, Шираз жана Аваз шаарларында миңдеген студенттер жана карапайым ирандыктар тегерандык студенттердин талабын жактап, демонстрацияга чыгышты.
Ирандык студенттердин ИСНА жаңылыктар агенттиги өлкөнүн чыгышындагы Мешхед шаарында да жекшемби күнү жүздөгөн адамдар катышкан антиөкмөттүк демонстрация болгонун маалымдады.

Президент Хатамини саясый реформаларды кечеңдетүүдө деп күнөөлөп, анын бийликтен кетүүсүн талап кылган толкундоолорго өткөн шаршемби күнү Тегеран универститетинин жатаканасында башталган нааразылык акциясы башат болду. Студенттер адегенде өкмөттүн кээ бир университеттерди менчиктештирүү планына каршы чыгышкан эле.

Дүйшөмбү күнү таң эртең эки ирет ок атылганын эске албаганда, Тегерандагы студенттер шаарчасы тынч. Ишемби күнү түнкүсүн жатаканаларга кирип барып, студенттерди төшөктө жаткан жайынан чынжыр жана темир казыктар менен сабап-токмоктогон сакалчан ислам желдеттери көрүнбөйт. Бийликтердин тополоңду басуу үчүн жасаган аракети натыйжа берген окшойт деп билдирет маалымат булактары.

Тегеран полициясынын акими Мохаммад Бакир Калибафтын маалымдашынча, полиция студенттердин бөлмөлөрүндө сабап-токмоктоп “бейбаштык” кылган 109 адамды камакка алган. Оңчул “Ансар Хезбола” уюмунун мүчөлөрү, ырасмий маалымат боюнча, 80 студентти сабап, көзү-башын жарып кеткен.

Байкоочулар студенттерге кошулуп, биринчи ирет, карапайым ирандыктар да бийликти реформалоону талап кылышканына өзгөчө көңүл бурушат.
Ирандын диний жетекчилигинин кыжырын кайнаткан толкундоолорду Вашингтондо элдин өз таламын ачык айтып чыгуусу деп баалашты.
АКШ президенти Жорж Буштун айтымында:

- Бул Иранда эл өлкөнүн эркин болуусу үчүн ачык чыга баштаганын күбөлөйт. Менин оюмча, бул - оң көрүнүш.

Иран өкмөтү Кошмо Штаттарын жана тыш өлкөлөрдөгү Иран оппозициясын элдин нааразылык акцияларына чыгуусуна түрткү берди деп күнөөлөдү.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Реза Азевинин дүйшөмбү күнү билдиргенине караганда, Иран өкмөтү Швейцариянын элчилиги аркылуу Вашингтонго нааразылык нотасын жөнөткөн. Тегеран мурдараак АКШны Ирандын ички ишине “уятсыздык менен кийлигишүүдө” деп айыптаган.

Ал эми талдоочулар менен батыштык дипломаттардын пикирине караганда, толкундоолордун башталышына өлкө ичиндеги саясый жана экономикалык жагдай себеп болгон. Бийликтин бардык бутактарында бекем отурган консерватор-диниятчылардын каршылыгынын айынан, реформачыл президент Хатаминин парламентке таянып өлкөнү реформалоо аракети илең-салаң жүрүүдө. Ушундан улам жумушсуздукка, диний жетекчилердин саясый турмушту катуу көзөмөлдөөсүнө жана алардын өкүмзордугуна каршы сүйлөгөн саясатчыларды абакка салууга, ошондой эле маалымат каражаттарын чектөөгө ичтен нааразы болгон эл студенттердин талабын колдоп чыкты, - дешет талдоочулар менен дипломаттар.

XS
SM
MD
LG