Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

9-июлда ирандык студенттерге демонстрация өткөрүүгө тыйуу салынды


Иран бийликтери келерки айда - Тегеран университетинин жатаканасына 1999-жылы болгон кол салуунун төрт жылдыгы күнү- демонстрация өткөрүүгө тыйуу салды.
“9-июль күнү университеттердин сырт жагына чогулууга тыйуу салынат. Бирок, университеттердин жетекчилери студенттерге өз территориясында чогулганга уруксат бере алат ”,-деп билдирди өкмөттүн өкүлү Абдулла Рамазанзаде.
Ай башында Тегеран университетинин студенттери бир нече күн бою Ирандагы диний режимди реформалоону талап кылышкан. 14-июнда болсо исламчыларды жактаган адамдардын бир тобу эки жатаканага кирип барып, элүүдөн көп студенттин башы-көзүн жарып сабап кеткен.

XS
SM
MD
LG