Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:16

Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн колбашчысы Кант аба майданын көрүп кетти


БИШКЕК. Бул күндөрү Кыргызстанда жумуш сапары менен жүргөн Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн башчысы генерал-полковник Владимир Михайлов бүгүн Кант аба майданында болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев билдирди. Анын айтымында, В. Михайлов баштаган орусиялык аскердик делегация Кант аба майданынын абалы менен таанышып, ага орус аскер базасын жайгаштыруу маселесин жеринде иликтеди. Андан тышкары, тараптар Кант аба майданына жайгаша турган орус аскер базасынын статусу жана шарты тууралуу келишимди талкуулашты. Владимир Михайлов бүгүн мекенине кайтып кетти.

XS
SM
MD
LG