Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:58

Жалалабадда качкындардын жана эмгек мигранттарынын укуктарына арналган семинар өттү


ЖАЛАЛАБАД. Облуста жашаган тажикстандык кыргыздар, дубандагы ички иштер органдарынын адистери жана журналисттер катышкан семинарды Кыргызстандагы укуктук жана экономикалык реформаларды колдоо фонду Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар башкармалыгынын каржылоосу менен өткөрдү. Анда качкындар менен экономикалык мигранттардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык жана республикалык мыйзамдардын, жоболордун мазмуну түшүндүрүлдү. Семинарга келген этникалык качкын кыргыздар жарандык берүү маселеси толук чечилбегендиктен, жумушка орношуу, балдарга күбөлүк, жөлөк пул алуу, пенсия алуу, окуу жайларга кирүү мүмкүн болбой жатканын айтышты. Миграция кызматынын маалыматы боюнча, облустун 5 районунда 30 качкын үй-бүлө, 1282 эмгек мигранты жашап турат.

XS
SM
MD
LG