Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

ТАСИС уран калдыктарын зыянсыздандыруу долбоорун жыйынтыктады


БИШКЕК. Европа биримдигинин радиациялык коопсуздук программасынын алкагында каржыланган Майлысуудагы уран калдыктарын сактоочу жайларды зыянсыздандыруу боюнча эки жылдык долбоору ишин аяктады. Бул тууралуу 30-июнда долбоордун координатору Хилдегарде Ванденхофе билдирди. Долбоордун алкагында эки жыл ичинде уран калдыктарын сактоочу Майлысуудагы бардык жайлар иликтелди жана алардын ичинен Карагач айылынын күнгөй тарабындагы №3 уу зат сактоочу жай өтө кооптуу деп табылды. Долбоордун алкагында бул жердеги уран калдыктарын зыянсыздандыруу жана коопсуздандыруу боюнча иштер жүргүзүлдү. Европа биримдигинин эксперттеринин көзөлүндө ишке ашкан долбоордун тыянагына караганда, аталган 3-жайга 15-жайды көчүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, ага олуттуу каражат талап кылынат.

XS
SM
MD
LG