БИШКЕК. Астанадагы эл аралык оюндарга Шериктештиктин 9 өлкөсүнүн 18 командасы катышты. Алар спорттун 10 түрү боюнча күч сынашты. Кыргызстандын командасы спорттун 7 түрү боюнча мөрөй талашып, натыйжада 3 алтын, 12 күмүш жана 12 коло байгени жеңип алышты. Баскетболдон Кыргызстандын аялдар командасы эл аралык оюндардын чемпиондугун утуп, алтын медаль тагынды. Эркектер командасы экинчи орунду ээледи. Волейбол оюнунда да кыргызстандык спорт ардагерлери күмүш медалдын ээси болушту. Командалык эсепте арканга чыгуу мелдешинде кыргызстандыктар экинчи орунду камсыз кылышты. Чоюн көтөрүү мелдешинде Кыргызстандык Алексей Петров чоюнду 175 жолу көтөрүп, күмүш медаль тагынды. Ал эми сууда сүзүүдө кыргызстандык Ливия Шайыхметова марага үчүнчү болуп келди. Карабалта шаарынын тургундары Самариндердин үй-бүлөсү эл аралык оюндардын коло байгесине арзыды.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов