Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Пакистандын Кветта шаарындагы кечээги кыянатта 48 адамдын өмүрү кыйылды


Дагы кырктайы жарадар болушту, алардын ичинен беш кишинин абалы өтө оор дешет. Жума намазына чогулган жергиликтүү шийиттердин мечитинде кечээ эки жан кечти-террорчу боюна каткан бомбасын жардырып жиберишкен эле. Алардын илееткерлери намазга жыгылып жаткандарга автоматтан ок жабылтып киришкен. Бу кыянат иш үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок. Полиция шек туудурган бир кишини кармады. Пакистандын президенти Первез Мушарраф террористтердин ишин “анык айбанчылык” деп атап, аларды таптыра тургандыгына ишендирди. Кветтада бүгүн кечээки кыянатта курман болгондордун таажиясы болуп,ага он миңге чукул шийиттер катышты.

XS
SM
MD
LG