Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Грузиядагы парламенттик шайлоо АКШ тарабынан сунушталган план боюнча көзөмөлгө алынат


Грузиянын бийлиги өлкөдө ноябрь айында өткөрүлө турган парламенттик шайлоого көзөмөл кылуунун АКШ тарабынан сунушталган шартына толук макул болду. Бул тууралуу бүгүн Кошмо Штаттарынын Грузияга келген өкүлү Жемс Бейкер маалымдады. АКШты сунуштаган план боюнча, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан дайындалат. Ошондой эле шайлоо комиссиясынын курамы он төрт өкүлдөн туруп, анын тогузу – оппозициядан, бешөө - өкмөттүн өкүлү болот.

XS
SM
MD
LG