Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:30

ЕККУнун өкүлү бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен жолугушту


БИШКЕК. Бул күндөрү Кыргызстанда жүргөн Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун азыркы төрагасынын полиция иштери боюнча кеңешчиси Ричард Монг 7-июлда ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинде бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Ага катышкан «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын маалымдоосуна караганда, бейөкмөт уюмдар ЕККУ тарабынан каржылануучу Кыргызстан ички иштер министрлигин реформалоо долбоорун ачык, максаттарын так белгилеп жүргүзүүнү талап кылышты. «Долбоордогу ИИМдин конфликттерди четтетүүдөгү потенциалын күчөтүү сыяктуу жобо тынчыбызды алууда. Биз бул жобону чечмелеп берүүнү жана ЕККУнун жалпы долбоорун көз карандысыз эксперттик комиссиянын көзөмөлүндө ишке ашырууну сунуштадык. Бул сунуштарды Ричард Монг түшүнүү менен кабыл алды жана андай комиссия түзүү маселеси каралып жатканын билдирди», деди Төлөйкан Исмаилова. Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму Кыргызстан ички иштер министрлигин реформалоого 3 млн 600 миң евро бөлгөн. Ричард Монг бул долбоорду турмушка ашыруу маселеси боюнча жекшембиде ички иштер министринин биринчи орунбасары Расулберди Раимбердиев менен да жолугушкан.

XS
SM
MD
LG