Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Эртең Кыргызстанга Германиянын депутаттары келишет


БИШКЕК. Эртең Кыргызстанга Германиянын Бундестагынын – парламентинин депутат Маркус Ленинг баштаган экономикалык кызматташтык комитетинин делегациясы келет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы бүгүн кабарлагандай, делегациянын иш сапарынын максаты - Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулоо. Финансылык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-герман сүйлөшүүлөрү быйыл 15-16-майда Бишкекте өткөн. Германия - Кыргызстандын жакын өнөктөшү. 2001-жылы эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышынын көлөмү 140 млн. еврону түзгөн. Кыргызстанга ири кредит бөлүү жагынан Германия АКШ менен Жапониядан кийинки 3-орунда турат. Германиянын делегациясы Кыргызстандын президенти Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жана башка расмий өкүлдөр менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG