Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Абитуриенттердин тест сынагынын биринчи айлампасы аяктады


БИШКЕК. Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын бюджеттик бөлүмдөрүнө кабыл алуунун 11-июлда өткөрүлгөн тест сынагынын 1-турунун жыйынтыгы чыгарылды. Бүгүн Билим берүү жана маданият министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, сынактын 1-турунда 2318 талапкер студент болуп катталды. 2190 талапкер тесттин 2-туруна калтырылды. Тест сынагынын 2-айлампасы 16-июлда өтөт. 3-тест сынагы 23-июлга белгиленген. Өлкө боюнча бюджеттик орунга деп бөлүнгөн 5085 орунга ат салышкандардын саны быйыл арбын. Тест сынагына катышууга талаптангандарга 37 миң айрып алынчу талон берилген. Быйыл орто мектепти аяктаган 81 миң окуучунун 35 миңден ашууну жогорку окуу жайларына тапшырышууда. 28-июлда соңку тест сынагынан өткөндөр аныкталат.

XS
SM
MD
LG