Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

МЕДЕТБЕК КЕРИМКУЛОВ: «ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ БИШКЕККЕ 27 МЛН. ДОЛЛАР ӨЛЧӨМҮНДӨ ИНВЕСТИЦИЯ КЕЛДИ»


15-июлда Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкулов журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында шаарда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды. Быйыл Бишкектин 125 жылдыгы белгиленип, айрым көчөлөр оңдолгону менен, шаарды таштандыдан тазалоодо, калкты социалдык жактан коргоодо жана турак-жай менен камсыз кылууда дале болсо аткарыла турган иштер арбын.

Бишкек шаар башчысынын айтымында, үстүбүздөгү жылдын алгачкы 6 айында 4 млрд. 200 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, план өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 108,8% аткарылган. Капиталдык салымдардын өлчөмү 1 млрд. 600 млн. сомго жетип, өсүш 140% түзгөн. Бишкек шаары январь-апрель айларында тышка 140 млн. долларлык товар саткан, бул өткөн жылдын тийиштүү учуруна караганда 13 млн. долларга көп.

Медетбек Керимкулов шаарга тартылган инвестиция тууралуу мындайча маалымат берди:

- 2003-жылдын биринчи жарым жылында, алдын-ала эсептөөлөргө караганда, 27 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция тартылган. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда бул 107,7% түздү.

Инвестициянын 2,7 млн. сому билим берүү тармагына, 2,3 млн. сому өнөр жайына, 2,1 млн. сому машина курууга, 8 млн. сому чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө салынган. Бишкектин жетекчисинин айтымында, шаардын өнүгүшүнө чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү жакшы салым кошту. Ал тууралуу Медетбек Керимкулов:

- 2003-жылдын биринчи жарым жылдыгында чакан жана орто бизнестин өнөр жай ишканалары жана жеке ишкерлер 1,5 млрд. сомдук өнөр жай продукцияларын чыгарышты жана өсүш өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 116,6% түздү, - деди.

Өндүрүштүн мындай өнүгүшү шаар казынасына 1 млрд. 993 млн. сом каражаттын түшүшүн камсыз кылган жана бюджеттин 6 айдагы аткарылышы 118,7% түзгөн. Эң көп акча бажыканалардан – 1 млрд. 596 млн. сом жыйналган. Акчанын казынага өз убагында, анан да мол жыйналып турушу, Медетбек Керимкуловдун сөзүнө караганда, бишкектиктердин социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө жагымдуу шарт түздү:

- Негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы менен шаарда эмгек акы, пенсия, жөлөк пул өз убагында берилип жатат. Бей-бечараларга колдоо көрсөтүлүүдө, жумушсуздардын саны азайып, ишке орношкон жарандардын саны өсүүдө.

Шаар башчысынын айтымында, Бишкекте ырасмий каттоодо турган жумушсуздардын саны 8 миң адам. Андан тышкары, 14 миң жумуш орду түзүлүп, мурда жоюлуп калгандары кайра калыбына келтирилген. 5 миң жаран жаңы жумушка орноштурулган.

Борбор калаанын өнүгүп-өсүшүнө шаардын 125 жылдыгынын белгилениши жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына даярдык көрүү иштери жакшы таасир берген. Мааракелердин алкагында мэриянын имаратынан Кыргыз улуттук университетине чейин «Жаштар гүлбагы», Соода үйүнүн алдына «Гүлзат» комплекси курулду жана Эркиндик, Тоголок Молдо, Жаш Гвардия гүлбактары оңдолуп, реконструкцияланды. Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Бишкектин Горький, Фучик, Жаш Гвардия, Жибек жолу сыяктуу бир катар негизги көчөлөрү кайра асфальтталды.

«Жал» жана «Ак өргөө» жаңы конуштарына троллейбус жүргүзүү боюнча иштер жүрүп атат. Ал эми «Алатоо» жана «Акбосого» жаңы конуштарына курулуп жаткан мектептерди 1-сентябрда пайдаланууга берүү болжолдонууда.

Журналисттердин «Түркиянын Анкара шаарында май куюучу станциянын жарылышы Бишкекте да кайталанбашы үчүн шаар бийлиги кандай иш-чараларды көрүүдө?» деген суроосуна Медетбек Керимкулов: «Мэрия 4 жылдан бери шаар ичинде май куюучу станцияларды курууга уруксат бербей келатат, мындан ары да уруксат бербейт, ал эми мурда курулуп калгандарына болсо көзөмөлдү күчөтүбүз», - деп жооп берди.

Журналисттерден шаардын тазалыгы жана келемиштердин көбүйүшү сыяктуу маселелер боюнча көп суроолор түштү. Медетбек Керимкуловдун айтымында, жакында таштанды ташый турган 10 машине сатылып алынды. Жакын арада италиялык бир фирма менен Бишкекте таштанды иштете турган ишкана куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG