Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

АКШнын Ирактагы аскерлерине кол салуу токтобой жатат


Бүгүн АКШнын Иракта кызмат кылып жаткан дагы бир жоокер каза болуп, экөө жараат алды. Буга Багдаддагы автожолдун жанында бомбанын жарылуусу жана АКШ жоокерлерин аткылоо себеп болду. Ал тууралуу АКШнын Ирактагы тобунун өкүлү Уильям Трумен мындай деди:

“Бүгүн саат тогуздан элүү мүнөт өткөндө Багдаддын батышын көздөй кеткен жолдо үчүнчү корпустун жоокерлерине кол салуу болду. Кол салгандар майда куралдарды жана гранаталарды колдонушту. Андан бир жоокер каза болуп, бир нечеси жарат алды”.

АКШ Иракка согуш ачкандан бери каза болгон жоокерлердин саны ушуну менен 147ге жетти. Бул мындан 12 жыл илгери Перси булуңунда болгон согуштагы жоготууга барабар.

XS
SM
MD
LG