Буга чейин бийлик өкүлдөрү «өлкөнүн кадыр-баркын айрым журналисттер кетирип жатышат» деген пикирди көп айтып келишкен. Ошондуктан маалымат каражаттары менен бийликтин мамилесинин ачыктыгы жана алардын жоопкерчилигин арттыруу маселеси 2 күндөн кийин өтүүчү «Өнөктөштүк форумунда» башкы темалардын бири катары талкууланганы турат. Ал тууралуу президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков «Азаттыкка»:
- Маалымат каражаттары менен бийликтин ортосундагы мамиле жана алардын жоопкерчилиги талкууланмакчы. Анткени коомдо жалаң гана укук эмес, жоопкерчилик да болуш керек, - деп билдирди.
«Албетте, жоопкерчилик эки тараптуу болгону жакшы» деп эсептешет жергиликтүү саясатчылар. Анткени жоопкерчилик көпчүлүк учурда журналисттерге гана жүктөлүп, маалымат берүүчү бийликтин өкүлдөрү андан сыртта калып келгени жашыруун эмес. Кандайдыр-бир окуянын чындыгына жетиш үчүн журналисттердин аракети дайым эле ийгиликке жете бербейт. Андай көрүнүштөргө «Азаттыктын» кабарчылары да көп эле дуушар болуп келет. Телефон аркылуу кайрылган учурда бийлик өкүлдөрү «эч нерсе айтып бере албайм» деген ачуулуу үнү менен журналисттин шагын сындырган учурлар көп эле кездешет.
Мына ушундай жооптон кийин шагы сынган журналист окуянын чындыгын элге кантип жеткирээрин билбей айласы куруйт. Бийлик өкүлдөрүнүн ушундай мамилесине «Кабар» маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев кандай карайт болду экен?
- Эгерде бийлик өкүлдөрүнүн арасынан бир-эки киши атайын маалыматты жашырып айтпай койсо, бул ошолордун иши. Бирок мунун баарын жалпылап бүт өкмөттүн, бийликтин атына көө сыйпаганга жарабайт, - деп эсептейт «Кабар» агенттигинин директору.
Кубанычбек мырзанын мындай пикири менен «Агым» гезитинин баяндамачысы Жолдошбек Зарлыкбеков макул эмес. Анткени бийлик көбүнчө журналисттерди «аркы өйүз», «берки өйүз» деп бөлүп, экинчи тараптагыларга өгөй баладай мамиле кылган учурлары көнүмүш адатка айланганын айтуу менен, Жолдошбек мырза эң оболу «бийлик өкүлдөрү ушундай бөлгөндү токтотсо дурус болоор эле» деген пикирин билдирди.
- «Аркы өйүз», «берки өйүз» дебей, баарына тегиз мамиле кылышса жакшы болот эле да. Бирок ага жетиш кыйын го, - дейт Жолдошбек Зарлыкбеков.
Ал эми «Кыргыз туусу» гезитинин башкы редакторунун орун басары Абибилла Пазылов ар убак эле журналисттердин жоопкерчилиги талапка жооп бере бербегенин эскертип, кандайдыр-бир окуяны чагылдырууда журналисттер өз көз карашын таңуулоого акысы жоктугун айтат:
- Биз, журналисттер, кандайдыр-бир окуя, же айрым адамдар тууралуу айтып жатканда өзүбүздүн журналисттик этиканы сактасак. Чынында бирөөгө көө сыйпоого, бирөөнү шылдыңдоого, жүйөсү жок кандайдыр-бир нерселерди айтууга биздин акыбыз жок.
Өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын иликтеген айрым уюмдар жылдан-жылга Кыргызстан алган багытынан тайып, эркин басылмалар сот аркылуу жабылганына, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары кашыктап жыйнаган кадыр-баркын чөмүчтөп чачып жатканына кабатыр. Мына ушул маселе «Өнөктөштүк форумунда» ар тараптан талкууга алынып, тиешелүү жыйынтык чыгарылса жакшы болоорун эскертишет. Ушундай абалды өз башынан өткөрүп, басылмасы соттун чечими менен чыкпай калган «Кыргыз ордо» гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиев бул жагынан Кыргызстанды Белоруссияга окшоштурат.
- Бизде басма сөзгө байланыштуу мыйзамдарды карап, өзгөртпөсө болбойт. Бул багытта реформа керек. Анткени бизге койгон 350 миң сом, же болбосо «Моя столицага» койгон ар бир соттогу 500 миң сомдук айыппулдарды бир дагы басылма төлөй албайт. Аны бийликтегилер жакшы билет. Ошол ири суммадагы айыппулдарды моюнга илүү менен редакцияларды муунтуп келишет. Бүгүнкү күндө Аскар Акаевдин жүргүзгөн саясаты Белоруссиянын президенти Лукашенкодон айырмасы жок болуп калды. Бул жашыруун эмес, Кыргызстанда демократиянын күнү батып бараткандай элестеп атат, - дейт Бекен мырза.
Бекен Назаралиевдин мындай пикири менен көпчүлүк эл аралык байкоочулар да макул. Ошондуктан көпчүлүк эксперттер «19-июлда өтүүчү «Өнөктөштүк форумунда» журналисттердин жоопкерчилигине караганда, алда канча олуттуу маселе катары бийлик менен маалымат каражаттарынын ортосундагы мамиленин ачыктыгына көңүл бурулса дурус болоор эле» деп эсептешет.