Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:03

Таластык ардагерлер Жогорку Кеңештин депутаты Мырзакан Субановго арыз менен кайрылышты


ТАЛАС. Арызда жана депутатка тапшырылган 17 барактан турган юридикалык документтерде облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүнөр Мамбеталиевдин жети жыл ичиндеги мыйзамсыз аракеттери жөнүндө сөз болот. Талас шаардык прокуратурасынын документтерине ылайык, ал 42 миң сомдон ашуун каражатты ардагерлердин пайдасына кайтарып бериши керек. Депутатка берилген документтерге караганда, ардагерлердин төрагасы 20га жакын факт боюнча финансылык мыйзам бузган. Алардын бул арызын облустук жетекчилик мурдагы губернатордун мезгилинен бери чечпей жаткандыгы айтылып, иш созула берсе ардагерлер орден, медалдарын тагынып президент Аскар Акаевге чейин барышаарын билдиришти. Депутат Мырзакан Субанов карыялардын документтерге негизделген дооматтарын республикалык прокуратура аркылуу чечүүгө убада кылды.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Кубат Оторбаев жана Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG