Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Ташдөбөлүктөр жер маселесин көтөрүшүүдө


БИШКЕК. «Ташдөбө айыл кеңешинин депутаты Алымкулов Көлбай негизсиз камакка алынды. Ал жергиликтүү калктын кызыкчылыгын коргоп келген», - деген доо менен кечээ кечинде Аламүдүн районунун Ташдөбө айылынын 30-40 чамалаш тургуну нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар жергиликтүү тургундардын бир тобу 4-5 жылдан бери жер үлүшүн ала албай жүрүшкөнүн да белгилешти. Бүгүн аталган айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкери Сагын Досходжаева жергиликтүү депутатка карата соттук териштирүүнү саясатташтырууга каршы чыкты. Ал «Көлбай Алымкулов элден 300 миң сомдон ашык мүлк пайын алып, кайтара албай жаткандыгы үчүн соттук териштирүүдөн өтүп жатканын» белгиледи.

XS
SM
MD
LG