Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

ИРАК СОГУШУ АЯКТАГАНГА ЖҮЗ КҮН ТОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Ирак согушу аяктагандыгы тууралуу жарыя жасалгандан бери 100 күн өттү. Бул аралыкта Иракта Убактылуу кеңеш түзүлдү жана полиция күчтөрү калыбына келтирилүүдө, ал эми мурдагы өкмөттүк аскер менен башкаруучу БААС партиясы таратылды жана мурдагы президенттин эки уулу өлтүрүлдү. Бирок өлкөдө кеңири тараган кылмыштуулук ооздуктала элек жана дээрлик күнүгө куралдуу кагылышуу болуп жатат. Өлкөдөгү туруксуздуктан карапайым калк эң көп жапа чегүүдө.

Ирактагы негизги согуш аракеттери аяктаганы тууралуу АКШ президенти Жорж Буш 1-май күнү жарыялаган жана анын эртеси ал кездеги Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Жей Гарнердин ордуна Пол Бремерди дайындаган. Бремер үч айдын ичинде Ирактын мурдагы өкмөттүк аскерин жана коопсуздук кызматын жоюп, БААС партиясынын мүчөлөрүнүн жогорку кызматтарга дайындалышына тыюу салды. Андан тышкары, Убактылуу башкаруучу кеңеш деп аталган жаңы өкмөт түзүлдү жана өлкөдө жаңы акча киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Анткен менен Ирактагы абал опурталдуу бойдон калууда, дээрлик күн сайын өлкөнүн тиги же бул бурчунда куралдуу кагылышуулар болуп, үч айдын ичинде курман болгон батыш аскерлеринин саны - согушта окко учкандардын санынан ашты. Кошуна араб өлкөлөрүндөгү үналгы-сыналгы түйүндөрү акыркы бир айдын ичинде бийликтен кулатылган президент Саддам Хусейндин үнүн беш жолу угузду. Алардын алгачкысы 14-июнда жазылып алынган деп айтылды, акыркысында болсо Саддам 22-июлда Мосул шаарында өлтүрүлгөн эки уулу жана небереси тууралуу сүйлөдү.

Мурдагы президенттин кайда экендиги тууралуу так маалымат берген адамга 25 миллион долларлык сыйлык берилүүгө тийиш, бирок Саддам эмгиче кармала элек жана өзүнүн кайрылууларында ирак элин америкалык баскынчыларга жапырт көтөрүлүүгө чакырууда. Америкалык генерал Рэй Одиернонун айтымында, Саддам азыр ар бир үч-төрт саатта жер которуп жашынып жүрөт: "Чалгындоо кызматтары берген маалыматка караганда, Саддам Хусейн күнүгө ар бир үч-төрт саат сайын турган жерин которууга аргасыз. Кээ бир рейддер учурунда анын тиги же бул жерде жакын эле арада болгонунун далилдери табылган".

Бирок мурдагы президент кармалып же өлтүрүлсө эле, чечилбеген маселелер чечилип кетет деп айтуу кыйын. Борбор калаа Багдад шаарына азыркы учурда электр жарыгы үч саатка гана берилип, кайра өчүрүлөт. Шаар көчөлөрү каракчы-кылмышкерлерге толгон жана көчөдө бараткан машинени эки адам токтотуп, курал кезеп, анын айдоочусун сыртка чыгарып, машинени айдап кеткен учурлар чак түштө да катталууда. Азыркы учурда 30 миңге жакын полициячы кызматына кайтып келди, бирок алардын да тартип орнотууга алы жетпей жатат. Дагы бир маселе, алардын көпчүлүгү - Саддамдын учурундагы паракорлукка көнүп калгандар, бирок лейтенант Риад Фаристин "Франс пресс" агенттигинин кабарчысына айтканына караганда, Ирактагы америкалык полиция деле пара алат экен.

Иракка үстүбүздөгү жылы жети миллиард 300 миллион доллар жардам көрсөтүлөт деп АКШ жетекчилиги мурда жарыялаган, бирок америкалык башкаруучулар каражат тартыштыгын сезип жаткандай. Өлкөнүн мунай өндүрүшүн калыбына келтирүү үчүн кошумча бир миллиард 150 миллион доллар керек деп айтылууда, бирок бул каражат кайдан табылаары белгисиз. Ирактагы кайра куруу иштерине АКШ жетекчилиги алгач башка өлкөлөрдү жолотпой койгон, ошондуктан азыр бир топ кыйынчылыктарга дуушар болууда.

Иракка жардам көрсөтүү боюнча Бириккен Улуттардын эл аралык конференциясы октябрга белгиленген жана ага чейин Франция сыяктуу өлкөлөр Иракка эч кандай жардам көрсөтпөй тургандай. Акыркы өткөрүлгөн элдик сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча болсо, Ирак элинин 33 гана пайызы - жаңы түзүлгөн убактылуу өкмөт өз ишин ийгиликтүү алып кете алат деп ишенет.

Рон Синовицтин сүрөтү
("Азаттыктын" архиви. Март 2003)

XS
SM
MD
LG