Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Премьер-министр Н.Танаевди Кыргызстан коммунисттик партиясы сотко берди


БИШКЕК. Кыргызстан коммунисттик партиясы премьер-министр Николай Танаев «Бишкектин Алатоо аянтын кайра куруу» жөнүндөгү токтомго кол койгондугу үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу бүгүн партиянын лидери Клара Ажыбекова «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, В. И. Лениндин эстелигин бул токтомдо жазылгандай башка жерге которуу «Бишкек шаарынын Алатоо аянтындагы В. И. Лениндин эстелиги жөнүндөгү» мыйзамды бузуу болуп эсептелет. Бул мыйзамды парламент 2000-жылдын 22-майында кабыл алып, ага президент кол койгон. Партия Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Геннадий Селезневго жана орус парламентине кайрылуу жолдоду. Кайрылууда кыргызстандык коммунисттер кыргыз бийлигинин В. И. Лениндин эстелигин которуу аракетин токтотууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Партия бул күнү архитектуралык тарыхый-маданий комплексти бузууну токтотууну өтүнүп, президент А.Акаевге да кайрылуу жөнөттү.

XS
SM
MD
LG