Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

Жакынкы Чыгышта кооптуу кырдаал сакталууда


Палестинанын радикал кыймылы “Хамастын аскерий бөлүгү Израил тарабынан өлтүрүлгөн төрт мүчөсү үчүн өч алууга бүгүн ант берди. Алар мүмкүн болгон учурда Израилге чабуул жасалаарын эскертишти. Өткөн түнү Израилдин тик учмалары “Хамастын” мүчөлөрү бараткан автоунааны ракета менен аткылап, андагы төрт согушчанды өлтүргөн. Израил аскеринин башкы командачысы Моше Яалон эгерде Палестин бийлиги экстремисттерди камакка албаса, аларды өлтүрүү улантылаарын билдирген.
Палестин лидери Ясир Арафат Жибраил ал-Ражубду коопсуздук боюнча өзүнүн жаңы кеңешчиси кылып дайындады. Ал-Ражубдун айтымында Ясир Арафат башында турган коопсуздук кеңеши “жол картасы” планын аткарууну жана Палестинадагы коопсуздук, кайра куруу маселелерин өз көзөмөлүнө алат: Биз өлкөнүн коопсуздук системасын реформалайбыз деп,эл аралык коомчулук жана элибиз алдында милдеттенме алганбыз.Бирок өкмөттүн акыркы төрт ай ичиндеги бул багыттагы аракети ийгиликке жеткен жок, - деп билдирген ал–Ражуб өзү дайындалгандан кийин Махмуд Аббастын өкмөтүн сынга алып.

XS
SM
MD
LG