Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:26

Аксы курултайында шайланган делегаттардын кайрылуусу


БИШКЕК. 28-август. 23-августта Аксы районунда өткөн Үчүнчү элдик курултайдан дүйнө кыргыздарынын 2-курултайына шайланган делегаттар Кыргызстан элине жана Ысыккөлдө өтүп жаткан курултай катышуучуларына кайрылуу жолдошту. Анда «кыргыздардын дүйнөлүк 2-курултайынын өтүшү мыйзамсыз. Бул чыныгы элдик курултай эмес. Анткени, бул курултайга делегаттарды шайлоого өлкө калкынын бир бөлүгү катыша алган жок», деп айтылат. Кайрылуу ээлери 2-курултайдын катышуучулары Кыргызстан үчүн саясий мааниге ээ болгон чечимдерди кабыл алууга укугу жоктугун белгилешкен. Кайрылууда айтылгандай, кыргыздардын курултайына Кыргызстандан негизинен бийликти колдогон саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын ичинен курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары Абсамат Масалиев менен «Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев чакырылган.

XS
SM
MD
LG