БИШКЕК. 29-август. Бишкектеги Кредит маалымат бюросу ушул айдан тарта банктарга жана каржы мекемелерине түздөн-түз жардам көрсөтө баштайт. Бул жөнүндө жума күнү аталган ишкананын башчысы Акжолтой Элебесова маалымдады. Кредиттик бюронун негизги максаты: банктардан жана башка каржы мекемелеринен акча алып, бербей жүргөндөрдүн тизмесин түзүп, алар жөнүндө маалымат топтоо. Кредиттик бюро тарабынан чогултулган маалымат банктарга жана кредиттик мекемелерге керек. Ишкана Кыргызстандагы 9 коммерциялык банктын жана бир катар каржылык уюмдардын демилгеси менен жыл башында түзүлгөн. Кредит маалымат бюросу бир банктан кредит алып, аны төлөбөй башка банктардан кредит алуу менен алектенгендердин санын азайтууга көмөктөшөт.