Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

АКШ президентинин эс алуусу аяктады


АКШ президенти Жорж Буш Техастагы ранчосундагы бир айлык эс алуусун аяктап, Вашингтонго кайтып келди. Келээрдин алдында ишемби күнү Жорж Буш америкалыктарга радио аркылуу жумалык салттык кайрылуусун жасап, анда өлкөдөгү экономикалык кырдаалга токтолду. Өз сөзүндө президент салыктарды кыскартуу туура кадам болгонун оңолуп бараткан экономикалык кырдаал далилдеп жатканын билдирди. Дүйшөмбү күнү АКШда эмгек күн майрамы белгиленет. Президенттин кайрылуусу жаңы шайлоо кампаниясынын башталышынын алдындагы жумушчуларга кайрылуу болгону белгиленүүдө. Кесиптик уюмдардын лидерлери экономикадагы оңолуунун белгилери бар экенин, бирок жумушсуздардын саны жогору 6.2% бойдон калганын жана салыкты кыскартуулардан байлар пайда көрүп, ошол эле учурда бюджеттик дефицити көбөйгөнүн белгилешүүдө.

Айдабек Акмат уулу, Прага

XS
SM
MD
LG