Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

ТӨРАГА АРАФАТТЫ ИЗРАИЛ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАН КУУП ЧЫГУУГА АРАКЕТТЕНҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/BEFC6848-A023-4B89-8164-0183DF0F991A_w203.jpg 11-сентябрда Израил жетекчилиги шашылыш жыйын өткөрүп, Палестина автономиясынын төрагасы Ясир Арафатты өлкөдөн сыртка чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды. Бирок бул чечим качан ишке ашырылаары белгисиз. Дүйнө мамлекеттери Израилдин бул кадамына каршы чыгууда, Палестинада болсо миңдеген адам каршылык демонстрацияларын өткөрүүдө.

Израилдин чечимин бардык мамлекеттер сынга алууда. Мисирдин президенти Хосни Мубарактын айтымында, эгер чечим ишке ашырылса, бүткүл аймакта толкундоолор башталат:

"Эгер Арафат сүргүнгө айдалса, биз аны сөзсүз өзүбүзгө чакырабыз. Бирок менин оюмча, бул чечим таптакыр туура эмес. Арафат аймактан чыгып кетсе, эмне башталаарын эч ким айта албайт. Террорчулук менен башка кылмыштар ар бир жерде башталат, абдан коркунучтуу абал түзүлөт".

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин пикиринде, эгер чечим аткарылса, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу мүмкүн болбой калат. АКШ Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Ричард Баучердин айтымында, бул чечим Вашингтонго дагы жакпайт:

"Арафат тууралуу биздин пикирибиз өзгөргөн жок. Биздин оюбузча, Арафат маселе жаратууда, бирок ал маселени чечүү жолу жалаң эле Арафат менен байланыштуу эмес. Эгер ал өлкөдөн кетсе, андан пайда болбойт, анткени Арафат сүргүндөн деле аракеттене берет жана ал иштерин кеңейтет".

Израилдин мурдагы премьер-министри Шимон Перес азыр Америкада жана 12-сентябрда Вашингтон шаарында мамлекеттик катчы Колин Пауэлл менен жолугуп, маселени талкуулады. Экөөнүн тең пикири боюнча, Жакынкы Чыгыштагы саясатка Арафат сырттан деле катуу таасир кыла алат, ошондуктан аны сүргүнгө айдоонун эч кажети жок. Анткен менен америкалык жетекчилер Израилдин чечимине каршы ачык жарыя жасаган жок жана бул - маселе канчалык татаал экенин көрсөтөт.

"Жол картасы" деп аталган жаңы план мындан бир жарым жыл мурда иштелип чыга баштаганда, америкалык саясатчылар менен жөөт жетекчилери макулдашып, ал планды ишке ашыруу жараянынан Арафатты четтетүүнү чечкен, анткени төрага ал планга толугу менен макул болбой турганы айкын болчу. Ошондуктан Палестина автономиясында премьер-министрлик кызмат киргизип, планды аткаруу милдетин премьерге жүктөө пландаштырылган.

Арафат ага макул болбогону менен, эл аралык катуу кысым алдында май айында премьерди дайындаган, бирок коопсуздук маселелери үчүн жоопкерчиликти өзүндө калтырган, антпегенде ал эч бийликсиз калмак. Израилдин негизги талабы - Палестина өкмөтү террорчулукту токтотууга тийиш, бирок колунда жетиштүү бийлиги жок премьер Махмуд Аббас ал максатке жете албагандыктан, 6-сентябрда кызматынан чегинди.

Террорчулук токтобой жатат деп Израилдин куралдуу күчтөрү араб айылдарына кол салып, кээде согушкерлер менен кошо карапайым адамдарды да өлтүрүүдө. Андан террорчулук ого бетер күчөөдө жана ал бир чети Израилдин оңчул саясатчыларынын кызыкчылыгында, анткени алар жаңы планды толук аткарууну каалабайт.

План боюнча, 2005-жылга чейин Палестина өз алдынча мамлекет болуп түзүлүүгө тийиш, Израил болсо басылып алынган араб жерлерин бошотуп, мындан эки жыл мурдагы чектерге чейин чегиниши керек. Төрага Арафаттын пикиринде, жөөттөр бардык басылып алынган араб жерлерин бошотууга тийиш, андан тышкары ал мурда Палестина мамлекетин түзүү маселеси боюнча да Батыш менен араздашып келген.

1993-жылы кол коюлган Осло келишими боюнча, Палестина эгемендүү мамлекет болуп 1999-жылдын 4-май күнү жарыяланыш керек болчу, бирок Израилдин талабы менен ал мөөнөт 2000-жылдын 13-сентябрына калтырылган. Бирок анда дагы араб мамлекети түзүлбөй калганда, Палестинада интифада башталды. Израилдин акыркы чечиминен кийин болсо Арафаттын кеңсеси жайгашкан Рамалла шаарында он миңдеген араб чогулуп, төрагага колдоо көрсөтүүдө. 11- жана 12-сентябрда Газа тилкеси менен Йордан дарыясынын батыш жээгинде дагы ири митингдер болуп өттү.

XS
SM
MD
LG