Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри кайра шайланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин XX сессиясы өткөрүлүп, анда шаардын азыркы мэри Медетбек Керимкулов кайра шайланды. Жыйынга катышкан президенттик администрация жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Мисир Ашыркулов шаар башчылык кызматка азыркы мэр М.Керимкуловду жана анын биринчи орун басары Анатолий Слизовскийди сунуштады. Добуш берүүгө 34 депутат катышып, алардын ичинен 33 депутат М.Керимкуловду, бирөө А.Слизовскийди колдоп добуш беришти. Мамлекет башчысынын быйыл 5-сентябрда чыккан жардыгына ылайык Бишкек шаарынын мэрин кайра шайлоо бүгүнкү күнгө белгиленген. Жардыкта талапкерлерди көрсөтүүгө мамлекет башчынын өкүлү катары М.Ашыркулов дайындалган.

Бул шайлоо жүрүп жатканда шаардык кеңештин алдына «Келечек» конушунун онго жакын тургуну нааразылык акциясына чыгышты. Алар жаңы шаар башчысынан конушка мектеп салып берүү тууралуу убада алыш үчүн келишкен. Конуштун тургундары менен шаар башчысынын өкүлдөрү жолугушуп, ишти териштириш үчүн атайын комиссия түзүлөөрүн убада кылышты. Свердлов районунун карамагындагы «Келечек» конушуна калк отурукташа баштаганына 10 жыл болду. Азыр анда 740 түтүн эл жашайт. Бирок мектептин жоктугунан алар балдарын ар кайсы мектептерге алып барууга мажбур болуп келатышат.

XS
SM
MD
LG