НЬЮ ЙОРК. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши палестин маселеси жөнүндө иштеп чыккан резолюция боюнча добуш бермекчи. Араб мамлекеттери Израилден палестин жетекчиси Ясир Арафатты өлкөдөн чыгарып жиберүү чечиминен баш тартып, анын коопсуздугуна шек келтирбөөсүн талап кылууда.
АКШнын Улуттар Уюмундагы өкүлү Жон Негропонте уюмда вето койуу укугуна ээ Кошмо Штаттар резолюцияны колдой албай турганын билдирди. Бирок Франциянын тышкы иштер министри жана Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн башка өкүлдөрү Арафатты коргогон резолюцияны колдой турганын билдиришти. Иерусалимде болсо Израилдин премьер-министринин өкүлү Израил Арафатка каршы жакын арада чара көрүүнү пландаштырбаганын айтты.