Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Орусия Грекияга расмий өтүнүч жиберди


Грекия бийлиги Владимир Гусинскийди Орусияга өткөрүп берүү боюнча Москвадан расмий өтүнүч келгенин билдирди. Медиа магнат Владимир Гусинский 21-августта Афинада Орусиянын талабы боюнча камакка алынган эле. Бирок ал 100 миң евро кепилдикке берип, шарттуу боштондукка чыккан. Орус тарап Владимир Гусинский ири суммада акчаны көз боёмочулук менен ээлеп алган, уурулук кылган деп айыптоодо. Москванын расмий талабын эми Грекиянын апелляциялык соту карап, Гусинскийди Орусияга берүү, же бербөө тууралуу чечим кабыл алмакчы.

XS
SM
MD
LG