Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:16

БУУ ОЛУТТУУ РЕФОРМАГА МУКТАЖ


Нью-Йоркто БУУнун башкы ассамблеясынын сессиясында кечээ жалпы саясий талкуулар башталды. Жыйынды ачып жатып, баш катчы Кофи Аннан БУУ өз тарыхындагы эң татаал мезгилди баштан кечирип жаткандыгын белгиледи. Ушул эле күнү сессияда АКШ президенти Жорж Буш сөз сүйлөдү.

Кофи Аннан өз сөзүндө террордук топтор же чогоол режимдер массалык кыргын куралдарын колдонушу мүмкүн экендигин ырастады. Бирок мындай коркунучтарга каршы күрөштө дүйнөлүк жамаатта биримдик жоктугун да бышыктады. Мындай шартта болсо дүйнөлүк коомчулукту этибар албай, бир тараптуу негизде озунуп сокку уруу практикасы, Аннандын пикиринде, абалды ого бетер татаалдантканга гана жарайт. Менин камтама болгонум, деп айтты баш катчы, мындай доктрина бир тараптуу мүнөздө мыйзамсыз күч колдонуу үчүн өнөгө болуп бериши ыктымал.

Аннан былтыркы жылы БУУ өз тарыхындагы эң татаал абалга кептелгенин белгилеп, уюмдун азыркы дүйнөдөгү ролун, анын ичинде дүйнөлүк ири кризистерди чечүүдөгү Коопсуздук Кеңешинин мүмкүнчүлүктөрүн талдап чыгуу максатында атайын комиссия жана топ түзүлө тургандыгын жарыялады.

Ошол эле күнү сессияда сөз сүйлөп, АКШ президенти Жорж Буш жаңы ирак өкмөтүн түзүү,жалпы эле бул өлкөдөгү кайра куруу иштерине БУУ чоң салым кошо алат деп билдирди. Ассамблеяга кирген айрым өлкөлөр АКШнын аскерий акцияларын макул таппагандыгын моюнга алып, Буш ошол эле учурда БУУнун негизги принциптери менен максаттары боюнча дүйнөлүк коомчулукта биримдик бар экенин белгиледи. Буш дүйнөлүк жамаат коллективдүү коопсуздукту камсыз кылып,адам укуктарын коргоого тийиш деп эсептейт. “Бу максаттар бизди бүткүл дүйнөдө чоң иштерди жүргүзүүга чакырат жана бул иштер биргелешип жасалууга тийиш”, - деп айтты Буш. БУУнун мүчөлөрүн Буш ирак проблемасы боюнча келип чыккан пикир келишпестиктерди четтетип, бул өлкөнү кайра тикелөө ишинде күч-аракеттерди бириктиргенге чакырды. Иракта кырдаал стабилдешип, демократия барпаа болсо, бул жалпы Жакынкы Чыгышка шарапатын тийгизет, деп айтты Буш. Региондогу жаңжалга тартылган бардык тараптар, Буштун сөзү боюнча, өздөрүнүн жоопкерчилигин сезүүгө жана өздөрүнө алган милдеттенмелерин так аткарууга тийиш.

Сессияда Франциянын президенти Жак Ширак азыркы дүйнөнүн эң татаал проблемаларын көп тараптуу күч-аракеттердин аркасында гана чечкенге болот деп билдирди. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мандатысыз башталган уруш, Ширактын баасында,көп уюлдуу дүйнөнү түбүн копшоп койду. “Азыркы дүйнөдө эч ким обочолонуп жашай албайт, эч ким башкалардын атынан жалгыздап аракеттене албайт, эч ким баш аламандыкка жана коомдук мыйзамсыздыкка макул боло албайт”, - деп айтты француз президенти. Мындай иштердин баарына жалгыз гана БУУ мыйзамдуу күч бере алат. Иракта да административдик жана экономикалык бийлик-укуктарды акырындап ирактыктарга өткөрүп бергенге, конституция иштеп чыгып, шайлоо өткөргөнгө аларга реалдуу мөөнөт ичинде БУУ гана жардам бере алат, деп айтты Ширак. Француз президенти азыркы заманда БУУнун алтернативасы жоктугуна бекем ишенич билдирип,ошол эле учурда эл аралык бул уюм масштабдуу реформага муктаж экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG