Президенттердин эки күнгө созулган саммитинде Түндүк Корея жана Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу аракетин токтотуу, терроризмге каршы күрөшүү жана Ирак маселелери талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн соңундагы маалымат жыйынында айтылгандарга караганда, Жорж Буш менен Владимир Путин террорго каршы күрөштө бирдиктүү позицияда. Бирок Иран жана Түндүк Кореянын өзөктүк программалары боюнча эки мамлекеттин пикирлери анча келише бербеген бойдон калууда. Ирак маселеси боюнча да эки президенттин көз карашы толук бирдиктүү болуп чыккан жок.
Ирандын өзөктүк программасына токтолгон орус президенти Владимир Путин маалымат жыйынында мындай деди: Биз Иранга Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен кызматташууну кеңейтүүсү зарыл экендигин ачык, ошол эле кезде урмат менен билдиришибиз керек. Бирок Путин АКШнын Иран менен өзөктүк багытта ар кандай кызматташууларды токтотуу тууралуу талабын жоопсуз калтырды. Москва Иран менен 800 млн долларлык контракт түзүп, Ирандын Бушер жергесинде атомдук станция курууга катышууда. Ошол эле кезде, Москва Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушун каалабайт, - деген ойду билдирди Владимир Путин.
Ал эми Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ болуу аракетине байланыштуу маселеде болсо эки президент негизинен бир пикирде болуп, Пхеньян өзөктүк программасын токтотуусу керек дешти. Жорж Буш бул тууралуу мындай деди: Биз Түндүк Кореяны толугу менен өзөктүк программасын токтотууга, аны текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырдык.
Бирок бул жерде да Владимир Путин Орусиянын өзгөчө позициясын белгилеп, Түндүк Кореянын өзөктүк программадан баш тартуусу менен, ага кол салбоо тууралуу кепилдик берилиши керектигин билдирди. Ал эми Жорж Буш АКШнын Түндүк Кореяга кол салуу планы жок экендигин буга чейин белгилеген менен, андай келишимге кол койуудан баш тартып келатат.
Ирак маселесинде Орусиянын ээлеген орду Франция менен Германияга караганда Вашингтонго жакын болууда. Орус президенти Франция президенти сымал Ирак калкына тез арада эгемендүүлүк берилишин кыстабай, бирок БУУга көбүрөөк укук берүүчү чечимдин астында Иракка аскер жиберүүгө макулдугун билдирди.
Эки президенттин пикири бирдей чыккан жер, бул террорго каршы күрөш болду. Бул тууралуу Жорж Буш мындай деди:
- Орусия менен Кошмо Штаттар террорго каршы күрөштө бирге. Эки мамлекет тең террордон жабыркаган жана эки мамлекеттин өкмөттөрү ага каршы күрөшүүдө. Террорго актоо жок. Ал ар дайым кыйроону жана баш-аламандуулукту алып келет. Анын ичинде Чеченстанда да. Бирок бул регионго турукташуу адам укуктарын сыйлоо жана эркин, акыйкат шайлоо аркылуу келет.
Орус президенти Владмир Путин болсо террорго каршы күрөштө эки мамлекет өнөктөш эле эмес, союздаш, - деп кошумчалады.
Айрым саясат иликтөөчүлөрдүн пикиринде, АКШнын чечен согушу боюнча Орусияга сынын басаңдатуусуна 2001-жылдагы Америкага террордук чабуулдан кийин Москванын анти-террордук коалицияга кошулуусу себепкер болду.
Бул эл аралык маселелерден сырткары президенттер АКШ менен Орусиянын соода-экономикалык, өзгөчө энергетика тармагында кызматташуусун өнүктүрүүгө ык коюшкандыгын билдирген коммюникеге кол коюшту.