Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Чехия президенти Васлав Клаус Римге барбайм деди


Чехиянын президенти Васлав Клаус Евробримдиктин ишемби күнү Римде өтчү жыйынына катышпайт. Өкмөттөр аралык бул жыйында Евробиримдиктин жаңы конституциясы талкууланат.
“Чех делегациясына өз көз карашын билдирүү үчүн 3 мүнөт гана берилген. Ошон үчүн, премьер-министр Шпидлага өлкөнүн позициясын түшүндүрсүн деп тапшырдым”,- деп түшүндүрдү мырза Клаус жыйындан баш тартуу себебин.
Владимир Шпидла бүгүн Европа Бримдигине мүчө майда өлкөлөр уюмдун чоң мүчөлөрүндөй эле укукка ээ болуусун Чехия Республикасы каалайт деп билдирген.
Шпидла мындай каалоосун чет өлкөлүк чехтердин Прагда өтүп жаткан жумалыгы учурунда жасады. Анын айтышынча, буга дейре Европанын майда жана чоң мамлекеттери арасында азыркыдай теңдик болбогон.

Вышеград төртилтигине мүчө Чехия, Мажарстан, Польша жана Словакиянын лидерлери бүгүн Чехиянын Добруш шаарында кездешип, Евробиримдиктин сунуш кылынган конституциясын талкуулашат.
Төртилтик келерки жылдын майында Евробиримдикке кошулат.

XS
SM
MD
LG