Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Кыргыз авиациясынын негизделгенине 70 жыл болду


БИШКЕК. Быйыл Кыргызстандын авиациясынын негизделгенине 70 жыл болду. Бүгүн Бишкекте бул боюнча атайын салтанат болуп, анда авиаторлорду премьер-министр Николай Танаев куттуктады. Өкмөт башчысы быйыл эл аралык «Тамчы» аба майданынын ачылганын Кыргызстандагы авиациянын жетишкендиги катары баалады. Анын айтымында, азыр Нарындагы аба майданын калыбына келтирүүгө аракет көрүлүп атат. Бирок Кыргызстандын учактарын жаңыртууга мүмкүнчүлүк чектелүү бойдон калып келатат. «Кыргызстан аба жолдору» авиакомпаниясынын кызматкеринин айтымында, ушу тапта компания жүргүнчүлөрдү ташуучу «Боинг» үлгүсүндөгү учак сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG