Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Люксембургда чогулушту


Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери бүгүн Люксембургда өтүп жаткан жыйынында Балкан өлкөлөрүн мурдакы югославия боюнча согуш кылмышкерлеринин соту менен тыгыз кызматташууга чакырды. Балкан өлкөлөрүнүн Европа Биримдигине мүчө 15 өлкө менен жакын карым катнашы, алардын Гаагадагы эл аралык сот менен кызматташуусуна жараша болот деп көрсөтүлөт жасалган бүгүнкү билдирүүдө.
Европа биримдиги ошондой эле Балкан өкмөттөрүн Гаагадагы сот согуш кылмышкери деп табылган адамдарды, анын ичинде хорват генералы Анти Готевинаны, Босниялык сербдердин мурдакы лидери Родиан Каражичт менен аскер башчы, Радко Младичти кармап берүүгө чакырат. Өткөн аптада Европа комиссиясынын төрагасы Хорватиянын өкмөтүнө да ушундай эле эскертүү жасаган.

XS
SM
MD
LG