Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:43

Бүгүн Нарын облустук администрациясында электр энергиясы үчүн карыздарды жоюуга арналган жыйын болду


НАРЫН. Жыйында губернатор Аскар Салымбеков «мен бүгүн электр энергиясы үчүн 1200 сомдук карызымды төлөдүм» деп билдирди. Ал 1-ноябрга дейре ар бир кызматкердин, ал эми 20-ноябрга чейин айыл элинин электр энергиясы үчүн карыздарын төлөтүү милдетин койду. Эртеңден тартып ким канча сумма төлөгөнү тууралуу жекече отчет алынаары, шаардын ар бир көчөсүн түрө кыдырган биргелешкен комиссия иштей тургандыгы айтылды. Ушу тапта облустун электр энергиясы үчүн карызы 239 млн. сом болсо, анын 212 млн. сому - калктын карызы, 143 млн. сому – СССР убагынан калган карыз.

XS
SM
MD
LG