Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Израил палестин аймагында “коопсуздук коргонун” курууну улантат


Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн өнөр жай министри Ехуд Олмерт билдирди. Кечээ ООНдун башкы ассамблеясы басымдуу көпчүлүк добуш менен кабыл алынган резолюцияда Израилдин бул иштерин айыптап, курулушту токтотууну талап кылган эле. Документте мындай аракеттер эл аралык укуктун таанылган эрежелерине кайчы келери белгиленген. Буга карабастан Израил өкмөтү курулушту улантат, анткени бул тосмо дубалды жөөт тарабы палестин террорчуларынан коргонуу үчүн зарыл дешет.

XS
SM
MD
LG