Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Бишкекте «Кыргызстан-Орусия» аттуу инвестициялык форум башталды


БИШКЕК. Бүгүн түштөн кийин Бишкекте «Кыргызстан-Орусия» деп аталган инвестициялык форум башталды. Форумду Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев ачты. Жыйынга Орусиянын вице-премьер-министри Виктор Христенко, атом энергетика министри Александр Румянцев, Евразия Экономикалык Шериктештигинин Интеграциялык комитетинин баш катчысы Григорий Рапота жана Орусиядан келген расмий өкүлдөр катышууда. Эртең бул форумга Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кыргызстандын президенти Аскар Акаев катышмакчы. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эки күнгө созулган форумда Орусия менен Кыргызстандын өз ара экономикалык кызматташтыгынын ар кандай өңүттөрү талкууланып жатат.

XS
SM
MD
LG