Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

СТАЛИНДИК РЕПРЕССИЯГА ТУШ БОЛГОН КЫРГЫЗ АТУУЛДАРЫН ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ ЗАРЫЛБЫ?


30-октябрда КМШдагы бир катар мамлекеттерде Саясий репрессиянын курмандыктарынын эл аралык күнү белгиленди. Кыргызстандын жүздөгөн атуулдары да Сталиндин зулум саясатынын курмандыгы болгону менен, көпчүлүк аларды эстеген жок. Адам укуктары боюнча кыргыз-америкалык бюронун өкүлдөрү гана кыргыз элинин мыкты уулдары көмүлгөн «Атабейит» мемориалына барып, гүл коюп кайтышты. Алар өлкөдө бир күндү «Курмандыктарды эскерүүнүн улуттук күнү» деп атоо боюнча демилге көтөрүп чыгышты. Демилге жалпы коомчулуктун колдоосуна ээ болобу жана ал эмне үчүн зарыл?

Сталиндик репрессиянын убагында атылгандарды атайын бир күнү эскерүү боюнча демилге көтөрүп чыккан Адам укуктары боюнча кыргыз-америкалык бюронун өкүлдөрүнүн ою боюнча, бейкүнөө адамдарды 6- же 8-ноябрь күнү эскериш керек. Анткени алардын көбү мына ушул күндөрү, Улуу октябрь социалисттик революциясынын кезектеги жылдыгына карата атылып турган. Ушундан уламбы, айтор «Чоңташтын каардуу сыры» аттуу китеп жазган журналист Регина Хелимская «Республика» гезитиндеги макаласында «Улуу октябрь социалисттик революция күнү» деп белгиленип келаткан 7-ноябрда тоталитардык доордун курмандыктарын да эскерүүнү сунуш кылган. Демилгечилердин ою боюнча, мындай иш-чара адам укуктарын тебелеп-тепсеген тоталитардык коом тууралуу кийинки муундун аң-сезимине из калтырып, тарых менен урпактарды урматтоого тарбиялайт.

Кыргыздын Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов сыяктуу мыкты уулдары көмүлгөн фактыны иликтөө боюнча 1991-жылы түзүлгөн комиссиянын мүчөсү болгон эл жазуучусу Мар Байжиев «бул демилге өтө маанилүү жана орундуу» деген ойдо:

- Бул маселени мурдатан эле айтып келатам. Атылган адамдардын сөөгү табылганда эле «ошол жерди ыйык жер катары кабыл алсак да, 7-8-ноябрь дебей эле 6-ноябрды «Аза күтүү күнү» деп койсок» деп айткам. Анткени 6-ноябрь күнү көп атылган экен да. Буга атайылап сценарий да жазган элем. Ал тургай кошок да жазгам. Ошол күнү кошок угузулуп, жаштар барып, гүл коюп, таазим кылып, ошолордун батасын алгандай болуп белгиленсе деген оюм бар эле.

«Атабейитте» көмүлгөн мамлекеттик ишмерлердин бири Төрөкул Айтматовдун кызы Роза Айтматова да «атайын эскерүү күнүн белгилөө зарыл» деген ойдо. Р.Айтматованын пикири боюнча, буга тарых гана эмес, азыркы кооомдогу айрым көрүнүштөр да түрткү болууда:

- Атайын бир күнү эскерүүнүн зарылдыгы бар. Анткени бул биздин азыркы саясатчыларды келечекте тарыхтагы ошондой кадамдардан сактап калат го деген ойдомун. Азыр коомдо «Кайрадан артка, тоталитардык режимге кетебизби?» деген кооптонуу пайда болду. Эгемендиктин алгачкы жылдарында баарыбыз эйфорияга кирип, «демократияны куруп жатабыз» деп абдан кубандык эле. Бирок эл, айрым адамдар демократия дегенди туура эмес түшүнүп, кээде айрым мыйзам эрежелерин бузушту. Эреже бузулгандан кийин мамлекет да тартипке сала баштады. Кээде алар дагы аша чаап кетип жатышат. Ошондо «кайрадан тоталитардык режим келбесек экен» деп коркосуң. Ошон үчүн ушундай күндү белгилеп, ушул маселеге көп көңүл буруп, сөз кылганыбыз туура го деп ойлойм.

Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов «репрессия курмандыктарын башка күнү эмес, жалгыз гана 7-ноябрь күнү эскериш керек» деген пикирде:

- Бул майрам күн эмес. Анткени ушул күндөн кийин да миллиондогон адамдар репрессияга туш болуп, тоталитардык коомдо жашап, Алла-Таала берген жакшылыктан айрылышкан. Азыр кээ бир коммунисттер «Кыргызстанды Владимир Ильич Ленин негиздеген» деп айтып жатышпайбы. Жок, андай эмес. Биздин Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов деген аталарыбыз Москва, Алматы, Ташкен менен алышып атып, кыргыздарга өзүнчө республиканы түзүп кетишкен. Ошолор 1938-жылдын 7-ноябрында Бишкектин борборунда, азыркы Кыргызстан элинин ассамблеясынын имаратынын жертөлөсүндө атылып өлтүрүлгөн. Ошон үчүн бул - биз үчүн тарыхый күн. Биз демократиялуу өлкөнү, атуулдук коомду куралы десек, тарыхтын өкүнүчтүү барактарын да унутпай эстешибиз керек.

Ал эми тарыхтын бул барагын иликтеген адис, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Зайнидин Курмановдун айтымына караганда:

- 5-ноябрда белгилесек болот. Ушул күнү кыргыздын көптөгөн атактуу уул-кыздары атылган болчу. 5-ноябрь десек, менимче, депутаттар колдойт.

Жыйынтыктап айтканда, сталиндик репрессияга туш болгондорду эскерүү күнүн белгилөөгө атайын жардыктын же буйруктун деле кереги жоктой. Ал коомдук аң-сезимге байланыштуу боло турган көрүнүш. Муну эч кандай жардык, буйругу жок эле өз өлкөсүндө атылгандарды эскерип жүргөн орусиялык атуулдардын таазими айгинелейт.

XS
SM
MD
LG