Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Бишкекте айтылуу балбан Кожомкулдун элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды


БИШКЕК. Күч сынашуу абдан курч мүнөздө өттү. Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Ирандын жана Кыргызстандын 131 балбаны эки күн мөрөй талашып, мыктылары иргелип, финалда таймашты. Жеңил салмакта тажрыйбалуу балбан Нурдин Дөңбаев жеңишке жетти. 60 кг. салмакта жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Надырбек уулу Улан табында экендигин айгинелеп, казакстандык Марс Эрназаровду артыкчылык менен утту. 66 кг. салмакта финалда ирандык Абдолгассен Торкоманды кыргызстандык Табылды уулу Сүймөнкул утуп, намыска жарады. 74 кг. салмакта кыргыз балбаны Талант Жекшенов алтын медалга татыктуу болду. Казакстандык балбандардан Вадим Токаев гана баш байгеге жетти. Оор салмактагы балбандар арасындагы эки таймашта ирандык балбандар Саед Тахмасебинежад менен Сасан Мардани алтын медалга арзышты. Бул жолу Каба уулу Кожомкулду эскерүүгө арналган турнир эл аралык деңгээлде өтүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG