Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

Ооганстанга немис аскерлери жайгаштырылды


Дүйшөмбүдө Кабулду коргоо максатында Кундуз шаарына 50дөй немис аскери жеткирилди. Учурда Кабулда БУУнун 15 өкүлүн коштоп жүргөн Германиянын элчиси Гантер Плеуджердин айтымында Кундузга январь айына чейин 200-250 аскер жайгаштырылуусу күтүлүүдө.
Ал эми Ооганстандын түндүгүндө үч күндөн бери жергиликтүү тажик топтору менен өзбек топторунун ортосундагы куралдуу кагылышуу уланууда. БУУ өкүлдөрүнүн билдиришинче ал согушта 6 адам набыт болгон.
Дүйшөмбүдө Ооган бийлиги жаңы конституцянын долбоорун жарыялады. Долбоор декабрь айында Кабулда талкууланат.

XS
SM
MD
LG