Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Германия менен Испания Европабиримдиктин конституциясынын долбоорун талкуулады


Шейшемби күнү Германиянын канцлери Герхард Шродер менен Испаниянын премьер-министри Хосе Мариа Аснар Берлиндеги жолугушуусунда Евробиримдиктин конституциясынын долбоорун талкууда орток пикирге келишкен жок. Аснардын айтымында:

- Германия менен Испаниянын ортосунда Европа проблемалары боюнча көптөгөн келишимдер бар. Бирок Евробиримдиктин конституциясынын долбоорундагы кээ бир маселелерде айырма бар. Биз ал маселерди талкуулап бир жыйынтыкка келебиз.

Европабиримдигинин конституциясынын долбооруна ылайык Испания добуш берүү мүмкүнчүлүгү Германиядан аз экендигине макул эмес. Шродердин айтымында Европадагы адамдардын эң көп жашаган өлкө катарында Германияга добуш берүү мүмкүнчүлүгү көп берилген. Бул маселе декабрда болуучу Европабиридигинин жыйынында талкууга коюлат.

XS
SM
MD
LG