Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Журналист Эрнист Назаловдун табышмактуу өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши кайрадан козголду


ОШ. Жаш журналист Эрнист Назаловдун табышмактуу өлүмү боюнча териштирүү ишин жүргүзгөн Карасуу райондук ички иштер бөлүмү «кылмыш бөлүгү жок» деп, тергөөнү 25-октябрда токтоткон болчу. Бирок эл аралык уюмдардын жана журналисттердин кийлигишүүсү менен журналист Эрнист Назаловдун өлүмү боюнча ишти облустук ички иштер башкармалыгы алып, кылмыш ишин козгоду. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Бул маалымат ишти көзөмөлгө алган облустук прокурордун биринчи орун басары Фархад Сайдалиев тарабынан тастыкталды. Жаш журналист Эрнист Назаловдун жасаты быйыл 15-сентябрь күнү Карасуу районуна караштуу Убан каналынан табылган болчу.

XS
SM
MD
LG