Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Бүрсүгүнү Кыргызстанга Дүйнөлүк Банктын вице-президенти келет


БИШКЕК. Бүрсүгүнү Кыргызстанга Дүйнөлүк Банктын вице-президенти Шигео Кацу келет. Ал ошол эле күнү Өкмөт Үйүндө президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулайт. Бул тууралуу бүгүн Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Динара Жолдошева маалымдады. Дүйнөлүк Банк келерки жылдан тартып Кыргызстанда үч ири долбоорду гранттык негизде каржылай баштамакчы. Тактап айтканда, ал айыл жергесин инвестициялоого 15 млн. доллар, Майлысуу уран калдыктары сакталган жайларды коопсуздандырууга 5 млн. доллар жана өлкөдөгү 21 чакан шаардын инфраструктурасын колдоого дагы 15 млн. доллар грант бөлмөкчү. «Дүйнөлүк Банк бул долбоорлорду түзүү темпине ыраазы болгон менен, саламаттык сактоо жана энергетика тармактарындагы реформалардын солгундап баратканына нааразы», деп белгиледи Динара Жолдошева.

XS
SM
MD
LG