Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Кыргызстандын президенти Индияда иш сапары менен жүрөт


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын президент Аскар Акаев баштаган делегациясы Индияга барып, Индиянын премьер-министри Атал Бихари Ваджпаи менен жолугушту. Анда президент А. Акаев Кыргызстан менен Индиянын кызматташтыгынын өнүгүшүнө жакшы баа берип, жакында Индиянын көмөгү менен Бишкекте маалымат технологиялар борбору ачылаарын билдирди. Мындан тышкары, ал Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларында индиялык адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгү бар экенин кабарлады. Жолугушууда региондогу коопсуздук жана терроризмге каршы күрөш маселелери да талкууланды. Ушул эле күнү президент А. Акаев Индиянын президенти Абдул Калам менен жолугушуп, пикир алышты. Кыргызстандын делегациясы Индияга ЮНЕСКОнун «Билим берүү жалпыга» аттуу программасынын алкагындагы жогорку даражадагы III жолугушууга катышуу үчүн барган.

XS
SM
MD
LG