Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:51

Кыргызстан БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын башкаруу органына мүчө болду


БИШКЕК. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын башкаруучулар кеңешинин мүчөсү болду. Мындай чечим БУУнун Башкы Ассамблеясынын кечээки жыйынында уюмга мүчө 185 мамлекеттин өкүлдөрүнүн добушу менен кабыл алынды. Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү тараткан маалыматка караганда, бул эгемендүүлүк алган 12 жыл ичинде БУУнун башкаруу органына Кыргызстандын биринчи жолу шайланышы. БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы Башкы Ассамблеянын 1972-жылдагы резолюциясы менен түзүлгөн. Анын негизги максаты - жаратылышты сактоо жана дүйнө элдеринин арасында экологиялык билимди таратуу иштерин координациялоо.

XS
SM
MD
LG