Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

ДҮЙНӨЛҮК БАНК КЫРГЫЗСТАНДА САЛАМАТТЫК САКТОО РЕФОРМАЛАРЫНА КӨЗ САЛУУДА


Азиза Турдуева, Бишкек Дүйнөлүк Банк Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы реформаларга колдоо көрсөткөн донорлордун бири болуп эсептелет. Ал азыр өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга байкоо жүргүзүп келет. Буга байланыштуу 12-ноябрда Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү Бишкектеги «Кабар» агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүштү.

Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы реформалар 1996-жылдан бери жүргүзүлүп келатат. Анткени тармакты реформалоо боюнча 2010-жылга чейин эсептелген «Манас» мамлекеттик программасы ошол жылы кабыл алынган. «Манас» жана «Комплекстүү өнүгүү негиздери» программаларынын алкагында саламаттык сактоо тармагындагы реформанын биринчи баскычы 1996-2000-жылдарды камтыды. Ал эми 2001-жылдан тартып саламаттык сактоо тармагындагы реформанын экинчи баскычы башталган.

Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Кристофер Лавлайстын айтымында, тармакка реформа башталгандан бери Дүйнөлүк Банк жалпысынан 23 млн. доллар өлчөмүндөгү каражат бөлдү. Дүйнөлүк Банк реформалардын натыйжаларын ар кандай чен-өлчөмдөргө жараша баалайт. Аларга оорукчан адамдардын азайышы, медициналык мекемелердин материалдык-техникалык жабдылышы, медицина кызматкерлеринин адистик чеберчилиги, кургак учук, бруцеллез, кант диабети, сарык, богок жана башка оорулардын азайышы ж. б. кирет.

Дүйнөлүк Банк жалпысынан тармактагы реформаны оң баалап жатат. Банктын өкүлдөрүнүн айтымында, буга чейин жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында медицина мекемелериндеги тейлөө кызматынын сапаты, калктын медициналык жардамга муктаждыгын канааттандыруу жакшырганы байкалууда. Тармактагы каржылоо системасы да жакшыргандыгы жөнүндө Дүйнөлүк Банктын кызматкери Акико Маеда мындайча белгиледи:

- Саламаттык сактоо тармагындагы каржылоо системасы жөнүндө сөз кылсак, мында оң жылыштар байкалууда. Бул реформалар адегенде айрым гана региондордо жүргүзүлгөн, азыр бүткүл өлкөнү камтыды. Биз республикадагы ресурстардын чектелүү болгондугуна байланыштуу реформа жүргүзүү кыйынчылыктарга учурап жатканын жакшы түшүнөбүз. Саламаттык сактоо тармагын каржылоонун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча кыргыз өкмөтүнүн аракеттерин биз колдойбуз.

Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү тармактагы айрым кемчиликтерге да токтолушту. Маселен, медицина мекемелерин реструктуризациялоо жараяны программада каралган мөөнөткө караганда кыйла артта калганы белгиленди. Мындай көрүнүш өз кезегинде медицина мекемелеринин кошумча каржыланышын аксатып келатканы айтылды.

Ал эми банктын өкүлү Жо Катсон, 2001-жылы адегенде Чүй жана Ысыккөл облустарында медициналык кызмат үчүн киргизилген кошумча акы төлөө системасы оң натыйжаларын көрсөткөндүгүнө карабастан, соңку мезгилде бул система өзүн актабай жаткандыгына токтолду.

- 2002-2003-жылдары кошумча төлөө системасы натыйжалуу иштебей жатат. Бул бизди да, Саламаттык сактоо министрлигин да тынчсыздандырган маселе болуп жатат. Бул балким, кошумча акы төлөө системасына карата чиновниктердин кайдыгер мамилесине да байланыштуу болсо керек, - деди Жо Катсон.

Анын айтымында, кошумча акы төлөө киргизилгенге чейин, ооругандар өздөрү дары-дармек алышкан, дарыгерлерге жашыруун түрдө акча төлөшкөн. Ал эми кошумча акы төлөө системасы киргизилгенден кийин, дары-дармектерге акы төлөө азайды, мурда жашыруун түрдө дарыгерлерге берген акчаны алар ачык төлөй башташты. Оорулуулар канча акча төлөөрүн алдын-ала билүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөргө болсо бул системанын алкагында жеңилдиктерди камсыз кылуу механизми иштелип чыккан. Башкача айтканда, медицина мекемелеринин иши ачык-айкын жүргүзүлө баштаган эле.

Акико Маеда Кыргызстандагы саламаттык сактоо тармагын реформалоо бир топ жетишкендиктерге ээ болгонун айтты. Андыктан ал банктын бул секторду колдоосу мындан ары да улантылаарын белгиледи.

- Дүйнөлүк Банк кыргыз өкмөтүнүн аракеттерине, анын ичинде саламаттык сактоо тармагындагы аракеттерине колдоо көрсөтүүсүн улантат. Биз банк тарабынан көрсөтүлгөн колдоо жана жардам саламаттык сактоо тармагындагы абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт деген үмүттөбүз, - деди Акико Маеда.

Учурда Дүйнөлүк Банк СПИД оорусуна, кургак учукка каршы күрөш программаларынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да каражат бөлүүнү пландаштырууда. Бирок канча өлчөмдө каражат бөлүнөөрү азырынча белгисиз.

Саламаттык сактоо министрлигинен алынган маалымат боюнча, реформанын натыйжасында өлкө боюнча мурдагы 500 медициналык мекеме 230га кыскарды. Азыр республика боюнча 678 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштөөдө, 87 үй-бүлөлүк медицина борбору түзүлгөн. Ал эми тармакты реформалоо боюнча программаны аткарыш үчүн келерки жылы 2 млрд. 488 млн. сом талап кылынат. Анын негизги бөлүгү эл аралык финансы уюмдары тарабынан грант жана кредит түрүндө бөлүнөөрү күтүлөт.

XS
SM
MD
LG