Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Грузиянын баш калаасында миңдеген кишилер нааразылык демонстрациясына чыгышты


ТБИЛИСИ. Грузиянын баш калаасында миңдеген кишилер нааразылык демонстрациясына чыгышып, президент Эдуард Шеварднадзенин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Бүгүн президент Шеварднадзе калкка улуттук телекөрсөтүүдөн кайрылып, тынчтанууга чакырган. Бирок оппозициядагы Улуттук Кыймыл блогунун лидери Михаил Саакашвили тарапкерлерин кайрадан демонстрацияга чыгып, Шеварднадзеге ультиматум койууга үндөгөн. Божомолдорго караганда, демонстрацияга 20 миңдей киши катышууда. Алардын айрымдары, "Шеварднадзе кетсин!" деген транспаранттарды көтөрүп алышкан. Оппозициянын лидери Саакашвили демонстранттардын өкмөттүк имаратты басып алганга ниети жок экенин билдирди. Демонстрацияга полиция менен ички аскерлер көзөмөл кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG