Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Ыстамбулдагы жардырууда өлгөндөрдүн саны өсүүдө


Ыстамбулдун эки синагогуна кечээ күнү жасалган бомба чабуулудан өлгөн адамдардын саны 23кө жетти деп билдирди бүгүн Түркия полициясынын өкүлү.
Жардыруудан дагы 242 киши жарадар болгон.
Түрк бийликтери ишемби күнү эртең менен болгон эки жардырууга “ал-Каида” сындуу эл аралык террорчу уюмдардын катыштыгы бар деп шектенүүдө.
Жакшы күзөтүлгөн синагогдордун жанында болгон жардыруулардан автомобилдер менен турак үйлөр да зыян тартты.
Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен тышкы иштер министри Абдулла Гүл бомба жардыруусу болгон жерди барып көрүштү.
Истамбулга учуп келген Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом жергиликтүү жөөт жамаатынын өкүлдөрү менен кездешти жана Түрк бийликтери чабуулга тиешеси бар адамдарды кармап жазаларына ишенээрин билдирди:

- Түркиянын өкмөтү зарыл болгон иштин баарын жасаарына толук ишеничте экенибизди баса айткым келет. Биз дүйнөдөгү бардык демократиячыл өлкөлөр менен кызматташабыз жана Түркия региондогу өтө маанилүү өлкө. Түркияда терроризм менен күрөшкөндү башкаларга караганда жакшы билишерине мен ишенем.

XS
SM
MD
LG